25-февралда КРнын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы
"Жумгалдын райондук сотунда болгон жаңжал боюнча 14 адам кармалып, алардын ичинен 10у 2 айлык мөөнөткө камакка алынды" деп жарыялады.
Маалым болгондой, алар “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелери боюнча айыпталышууда.
"Жумгалдагы райондук сотто болгон дүрбөлөң боюнча 14 эле адам камакка алынган. Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин туугандарынын ММКларга "милиция 30 адамды камады" дегени жалган",- деп кошумчалады ИИМдин басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, 2013-жылдын 1-декабрында "Кара-Кече" кенинде Айбек Мамбеталиев каза тапкан. Бул факт боюнча СОБРдун 1 жана ИИМдин Уюшкан кылмышка каршы күрөшүү боюнча кызматынын 2 кызматкерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-пункту (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, бул байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде) менен кылмыш иши козголгон. Алардын иши 20-февралда Жумгал райондук сотунда каралган. Сот аяктаганда Айбек Мамбеталиевдин жакындары чуу чыгарып, айыпталуучуларга күйүүчү май чачышып, аларды өрттөөгө аракет кылышкан. Дүрбөлөңдүн натыйжасында эки айыпталуучу оор жаракат алып, Бишкекке алынып келинген.