Ош мамлекеттик университетинде бильярд боюнча мелдеш өттү

Ош мамлекеттик университетинин профсоюз уюмунун демилгеси менен окуу жайдын окутуучу агайларынын ортосунда бильярд боюнча мелдеш өттү. Ал шаардагы “Эффе” бильярд клубунда уюштурулуп, анда 32 оюнчу күч сынашты. Мелдештин ачылышына ОшМУнун ректору К.Исаков жетектеген окутуучулар жамааты катышты.

Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо болуп эсептелет. “Агайларыбыздын арасында бильярд боюнча биринчиликти жыл сайын өткөрүү салтка айланып калды. Спорттун бул түрү акыл күчүн да, дене күчүн да талап кылат. Ошондуктан биз окутуучуларга майрамдык маанай тартууласак, экинчиден, ден соолук үчүн да абдан пайдалуу”,- деди иш-чаранын уюштуруучусу, ОшМУнун профсоюз уюмунун төрагасы Абдыжапар Аккулов. 

1-орунду Инвестиция жана инновация департаментинин директору, профессор Идирис Кенжаев, 2-орунду педагогика жана дене тарбия факультетинин окутуучусу Ырысмамат Райымбеков, 3-орунду физика-техника факультетинин ага окутуучусу Зарипбек Айдаров, 4-орунду Медициналык колледждин окутуучусу Кубанычбек Жапаров ээлеп, профсоюз уюму тарабынан диплом, баалуу белектер менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dashi
2014-02-26 11:00:41
Кенжаев агайды чын журоктон куттуктайм..чынында мыкты оюнчу!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан