УЕФАнын Чемпиондор Лигасында “Манчестер Юнайтед” конокто, “Зенит” өз үйүндө утулду

Кечээ, 25-февралда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалынын алгачкы оюндары орун алып, орусиялык “Зенит” германиялык “Боруссияга” өзү үйүндө 2:4 эсебиндеги ири жеңилүүгө туш болду. Ал эми грециялык “Олимпиакос” өз үйүндө англиялык “Манчестер Юнайтедди” 2:0 эсебинде утуп алды.

Эске салсак, бул командалардын ортосундагы жооптук оюн 19-мартта өтөт. Үйдө жана конокто катталган эсеп катыштыгынын жыйынтыгында чейрек финалга чыкчу командалар белгилүү болот.  

Дэвид Мойес, “Манчестер Юнайтеддин” башкы машыктыруучусу: “Биз өтө начар ойнодук. Бизди азыр үмүттөндүргөн жооптук беттеш гана болууда. Бул жеңилүү боюнча жоопкерчиликти өз моюнума алам жана жооптук оюнда жакшы жыйынтык көрсөтөбүз деп ишенем".

Юрген Клопп, дортмунддук “Боруссиянын” башкы машыктыруучусу: "Бул беттеште оңой жеңишке жетиштик деп айтуу кыйын. Чейрек финалга чыгарыбыз тууралуу айтуу эрте. Биз өз үйүбүздө да мыкты оюн көрсөтүүгө тийишпиз. Негизи, беттештин башында “Зениттин” оюнчулары бошоңдук кылып, 2 гол киргизүүбүзгө шарт түзүштү".

 

“Зенит” (Орусия) – Боруссия” (Д, Германия) – 2:4

Голдор: Генрих Мхитарян (4-мүнөттө), Марко Ройс (5-мүнөт), Олег Шатов (57-мүнөт), Роберт Левандовски (61-мүнөт), Халк (69-мүнөт), Роберт Левандовски (71-мүнөт).  

“Олимпиакос” (Греция) – Манчестер Юнайтед” (Англия) – 2:0  

Голдор: Алехандро Домингес (38-мүнөт), Жоэл Кэмпбелл (55-мүнөт).  

УЕФАнын Чемпиондор Лигасы. Олимпиакос-Манчестер Юнайтед
УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: Зенит-Боруссия
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Danel
2014-02-26 11:48:46
Бугун эми Реал ойнойт буйурса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан