Хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогунда Кыргызстан бүгүн Индия менен кез келет

Бүгүн, 26-февралда Бишкекте хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогунун 2-тур оюндарынын алкагында Кыргызстан-Индия, Макао-Сингапур беттештери орун алат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча Эл аралык федерациянын расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкек шаардык муз аянтында 16:00дө Сингапур-Макао командалары кез келет. Ал эми Кыргызстан курама командасы муз аянтына 19:00дө чыгат жана анын атаандашы Индия курама командасы болмокчу.

Эске салсак, мелдештин 24-февралда өткөн 1-тур оюндарынын алкагында кыргызстандык хоккейчилер Сингапурду 6:3 эсебинде утуп, алгачкы жеңиштерине жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан