Кечээ, 25-февралда орун алган орусиялык “Зенит” менен “Боруссиянын” (Германия) беттешине чейин германиялык клубдун күйөрманы “Зениттин” күйөрмандары тарабынан сабалып, мурду сынган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлайт.
Күйөрмандар кыймылы боюнча жоопкер Йенс Фолькенин айтымында, орусиялык клубдун күйөрмандары тарабынан “Боруссиянын” 60тай күйөрманы жабыркаган.
Эске салсак, “Зенит”-“Боруссия” беттеши 2:4 эсебинде коноктордун жеңиши менен аяктады.
“Зениттин” күйөрмандары Орусиянын футболунда жана жалпы эле Европада эң кооптуу келерин буга чейин бир катар маалымат булактары айтып, жазып келишкен.
“Маданиятсыз” деп бааланган күйөрмандардын сүрөттөр топтомуна көз салып коюңуз.