28-февралдан 9-мартка чейинки убакытта Ош шаарында тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын Биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген 200гө чукул шахматчылар жекеликте “стандарт”, “рапид” жана “блиц” программалары боюнча беттеш өткөрүшөт. Андан тышкары командалык эсепте да жеңүүчүлөр аныкталат.