Украина. Футбол боюнча Өлкө чемпиондугу саясий туруксуздуктан улам дагы 1 ай эс алуу алды

Кышкы тыныгуудан кийин Украинанын футбол боюнча биринчилигинин экинчи бөлүгү 28-февралда башталмак. Бирок өлкөдөгү саясий туруксуздуктардан чемпиондук үчүн жарыш 1 айдан кийин, тагыраак айтканда, 26-мартта уланат. Бул тууралуу украиналык маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мелдештин 19-турунун алкагында 2-март күнү Киев шаарында “Динамо” клубу донецктик “Шахтёр” клубун кабыл алмак. Андан тышкары марттын акырына чейин Украинанын чемпиондугунда, 19-тур оюндарын эске албаганда, дагы 3 турдун оюндары ойнолууга тийиш болчу.  

Кошумчалай кетсек, Киевдик “Динамо” клубу учурда УЕФАнын Евролигасында оюн көрсөтүүдө. Анын Киевде өтүүчү беттештери Украинадагы баш аламандыктан улам Кипрде өтүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан