Бүгүн, 26-февралда Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо “Алай” футболдук клубу менен Бахрейндин “Риффа” клубунун ортосундагы беттеш башталды. Учурда оюнга келген элдин саны 10 миңдей. Башкы калыс таиланддык Чайя Махапаб болууда.
Беттешти көрүү үчүн шаар башчы Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков жана вице-мэрлер келишти.