Депутаттар арасында бильярд мелдеши өтүп, Турсунбай Бакир уулу 2-орунду ээледи

23-Февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Жогорку Кеңештин депутаттары жана фракциялары арасында бильярд мелдеши өттү. Иш-чара Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда орун алды. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду КСДП фракциясы, 2-орунду “Республика” фракциясы, 3-орунду “Ата Журт”4-орунду “Ар-намыс” фракциясы ээледи.

Ал эми депутаттар арасындагы беттеште 1-орунга Бактыгул Маматов (“Ар-намыс”), 2-орунга Турсунбай Бакир уулу (“Ар-намыс”), 3-орунга Абдыжапар Бекматов (“Республика”) менен Азиз Суракматов (“Ата Журт”) чыгышты.

Жеңүүчүлөргө Жогорку Кеңештин атайын кубогу, медаль жана акчалай сыйлыктар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
liliya-gul
2014-02-26 16:15:51
кандай ойнойтурган болуп жатабы, биздин чондор мектеп окуучулар сыяктуу эх аттин койгойлор толтура чечишпейби
+1
Bermet55
2014-02-26 16:19:57
Аааа... "тамды сузуп жаткан быйтык"... ушу депутаттар мындай ишти кыйын уюштурушат... элдин камын ойлоп коюшсачы... иииий ий, арманым аттын башындай...
+1
mirbakg
2014-02-26 16:33:38
Мына сага Жакшы иш кылышкансып ушудан коро интернат оорукчан балдарга жардам берип жарышышпайбы ким коп акча берет экен деп !!!
+1
BOYBA
2014-02-26 21:06:37
mirbakg, булардын кылаары ушул да зериккенде пикет митинг менен жарышышат
0
mirbakg
2014-02-26 16:35:41
Биринчи орунду ким алган Бактыгул маматов дейби? Ал кызбы же эркекби?
+1
admin_superstan
2014-02-26 16:44:41
mirbakg, Баары түшүнүктүү жазылып турат, биринчи орунду Бактыгул Маматов алган.
0
aslan_akjol89
2014-03-01 23:07:55
mirbakg, Бактыгул деп турат го БактыгYл эмес анан да фамилиясы Маматов ,Маматова эмес
0
Arstanov
2014-02-26 16:47:22
Tursubai sakalga uiat ele da,kunoo bolot myndai oinogon.
-1
tairbek.
2014-02-26 18:01:14
Соз жок буларга элдин койгойун чечбейби билярд ойнобой артисттер.
+1
Manasasman
2014-02-26 18:14:08
Артист чыныгы артист булар бири бирине кыйкырып жаман создорду айтып алышып, кайра досум дешип ойноп журо беришет. Башкасын кыйратып коюушкансып. Соз жок
+1
maks83
2014-02-26 18:51:07
канчалаган эл жаккырчыллыкта отурат нанга жетпей булар ойноп жатышат уят анан депутат булар
0
munar85
2014-02-26 22:41:24
Бул жепжутарлар обедке чейин парламентте уктап олтуруп обедтен кийин билярд, карта ойноп конул ачышат тура элдин турмушу менен иштери да жок. Эмне кылышсын анан элден уурдап алган акчаларын кайда чачарын билбей жатышса андан коро Жанторо менен ойношпойбу эгер утулсаныз кызматтан кетесиз деп
0
algajawoo
2014-02-26 22:56:54
Э они тоже люди хочется отдыхать а не роботы
0
eblk
2014-02-28 16:40:23
Булар элди ойлобой калышкан оздорунун эле курсагы тойсо эле болду да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан