Бүгүн, 26-февралда Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо “Алай” футболдук клубу менен Бахрейндин “Риффа” клубунун ортосундагы беттеш 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады. Оюнда таиланддык судьялар курамы иш алып барышты.
Ошентип, мелдеште “D” тайпасында оюн көрсөтүп жаткан Кыргызстандын 2013-жылдагы чемпиону "Алай" аталган мелдеште биринчи упайына ээ болду. Тайпалык баскыч “үйдө-конокто” системи боюнча орун алып, жалпысынан 6 тур оюндары өткөрүлөт.