Кечээ, 26-февралда КРнын Башкы прокуратурасы "дарыгер Жамал Тургунбаевди ур-токмокко алган" деп айыпталган ЖКнын депутаты Нурбек Мурашев жана анын иниси Н.Мамбеталиевге КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “ээнбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалым болгондой, 2014-жылдын 10-февралында депутат Нурбек Мурашевдин инисинин аялы А.Арстанбек кызы Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылган. 12-февралда бейтаптын ден соолугу начарлагандыгынан жандандыруу бөлүмүнө которулган.
13-февралда саат 11:00 чамасында Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Мурашев менен анын иниси Н.Мамбеталиев Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевди ур-токмокко алышкан. Жаракат алгандыктан, дарыгер Тургунбаев Улуттук госпиталга жаткырылган.
Ошол эле күнү депутат дарыгерге кол көтөрбөгөнүн айтып, туура эмес диагноз койгону үчүн Жамал Тургунбаевди соттоторун билдирген.
ЖКнын депутаты менен дарыгердин ортосундагы чырдашуунун себеби болгон аял 14-февралда көз жумган.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште 6-февралда "Кумтөр" боюнча токтом кабыл алынган. Ага каттоодон өткөн 97 депутаттын 60ы "макул", 35и "каршы" добуш берди. Анда "Республика" фракциясынан депутат Нурбек Мурашев "каршы" добуш берген.
“Учурда КРнын Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы кылмыш иши боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жатат”,- деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.