УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын “Реал” атаандашы “Шалькенин” дарбазасына 6 гол киргизди (фоторепортаж)

Кечээ, 26-февраль түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалдык оюндарынын алкагында германиялык “Шальке” өз үйүндө мадриддик “Реалды” кабыл алып, күтүлбөгөн жерден ири эсепте жеңилүүгө дуушар болду. Германияга болгон сапарында “Реалдын” оюнчуларынан Криштиану Роналду, Карим Бензема жана Гарет Бэйл өз эсептерине экиден гол жаза алышты. Ал эми түркиялык “Галатасарай” менен англиялык “Челсинин” ортосундагы оюн 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.

Эске салсак, бул командалардын ортосундагы жооптук оюндар 18-мартта өтөт.

Шальке 04” – “Реал” – 1:6

Голдор: Карим Бензема (13-мүнөт), Гарет Бэйл (21-мүнөт), Криштиану Роналду (52-мүнөт), Карим Бензема (57-мүнөт), Гарет Бэйл (69-мүнөт), Криштиану Роналду (89-мүнөт), Клаас-Ян Хунтелар (90+1).

Галатасарай” Челси” – 1:1

Голдор: Фернандо Торрес (9-мүнөт), Орельен Шеджу (65-мүнөт).  

УЕФАнын Чемпиондор лигасы. Галатасарай - Челси
УЕФАнын Чемпиондор лигасы. Шальке-Реал
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kara_kyrgyz
2014-02-27 14:44:51
Real алга!
0
abdi91
2014-02-27 18:12:45
моладец реал алгааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан