Хоккей боюнча Азиянын Чакырык кубогунда Кыргызстан экинчи беттешинде индиялыктарды утуп алды

Кечээ, 26-февралда Бишкек шаарында хоккей боюнча Кыргызстан курама командасы Азиянын Чакырык кубогунун алкагында экинчи беттешин Индияга каршы өткөрүп, 6:2 эсебинде жеңишке жетишти. Бул күнү болуп өткөн дагы бир беттеште Сингапур командасы Макаону 2:1 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча эл аралык федерациянын расмий сайты билдирет.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 27-февралда аталган мелдеш алкагында 3-тур оюндары орун алат. 16:00дө Сингапур курама командасы Индия менен кез келсе, 19:00дө Кыргызстан курама командасы Макао менен оюн өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Patron
2014-02-27 10:26:01
Билет баасы канча турат жана кайдан алса болот?
0
vangolu
2014-02-28 20:19:26
Patron, билет баасы 200сом.Кара-Жыгачтагы шаардык катокто
0
Erhan
2014-02-27 10:49:29
Азаматсынар дагы 3-турда да женишке жетишинерди каалайм Алла озу куч кубат берсин алга Кыргызстан
+4
mirbakg
2014-02-27 11:58:47
Молодцы биздин командага ийгиликтер !!
+1
kaniet
2014-02-28 11:34:23
Хоккей, муз устундо бийлоо, шорт трек, керлинг сыяктуу спорт турлорун мындан ары онуктурсок жакшы болмок эле, а хоккейчилерибизге ийгилик! Азаматсынар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан