Ош мамлекеттик университетинде кечээ, 26-февралда стол тенниси боюнча мелдеш старт алды. Аталган мелдеш үч күнгө созулуп, биринчи күнү бардык факультеттердин окутуучуларынан куралган эркектер жана аялдар командалары оюн курушса, кийинки күндөрү студенттердин ортосунда уюштурулат.
Спорттук иш-чаранын ачылышына окуу жайдын ректору Каныбек Исаков баш болгон ректорат жамааты катышып, мелдештин катышуучуларына жана уюштуруучуларына ийгилик каалашты.
“Бул иш-чаранын негизги максаты окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамынын, кызматкерлердин, студенттердин ден соолугун чыңдоо, аларды сергек жашоо образына калыптандыруу, жамааттагы ынтымакты, биримдикти бекемдөө болуп саналат”,- дейт Стол тенниси боюнча федерациянын башчысы, ОшМУнун дистанттык окутуу жана мамлекеттик тил боюнча проректору О.Шаимкулов.