Таш-Көмүр шаарынын мэри Бекболот Миңбаевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 27-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 13-февралында “Кристалл” заводунан темир жол шаймандарын чыгарып кетүү фактысы катталган. Бирок алып бара жаткандар милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, темир жол шаймандары Шаардык суу чарба башкармалыгынын короосуна жайгаштырылган.
Ал эми 15-февралда мэр Миңбаев баасы 250 миң сомдук шаймандарды белгисиз тарапка жүктөп кеткен. Учурда ага карата “кызмат абалынан ашкере пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.