Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борбору-2де 19 жаштагы кыздын жансыз денеси асылган абалда табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи бүгүн, 27-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, 24-февраль күнү саат 12:00 чамасында “102ге” маалымат келип түшкөн. Анда Бишкек - Күн-Туу унаа жолуна жакын жайгашкан Жылуулук электр борборунда (ТЭЦ) бир кыздын асынып алганы айтылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө ал кыз Ак-Өргөө конушунун тургуну экени аныкталган. Анын сумкасындагы катта “Ата, апа, мени кечиргиле! Менин өлүмүмө эч кимдин күнөөсү жок. Ыйлабагыла!” деп жазылган. Учурда тергөө жүрүп жатат.