1-2-март күндөрү оор атлетика боюнча Кыргызстан жаштар курама командасы Таиландда өтө турган Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы Кытайда өтө турган жаштар арасындагы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотула турган мелдешке Кыргызстандан 8 спортчу аттанууда. Жалпысынан өз өлкөлөрүнүн намысын 28 мамлекеттин өкүлдөрү талашышат. Олимпиадага жолдомо алуу үчүн командалык эсепте алдынкы бештикке кирүү керек.
Жаштар арасындагы курамга 6 салмак категориясы боюнча 8 спортчу кирген. 50 килограмм салмакта Кадырбек Айтбеков, 56 килограммда Искендер Саламатов, 62 килограммда Манас Стамалиев 85 килограмм салмакта Канболот Абышка уулу жолдомо үчүн күрөшүшөт. Ал эми Аскат Анардин уулу жана Рустам Тажидинов 69 килограмм салмакта аттана турган болсо, Курсант Толонов жана Урмат Сыргабаев 77 килограмм салмакта күч сынашат.