Роман Широков “Зенит” футболдук клубунан “Краснодарга” өттү

Орусия курама командасынын лидери, жарым коргоочу Роман Широков буга чейин ойноп келген “Зенит” футболдук клубу тарабынан “Краснодарга” ижарага берилди. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда орусиялык басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Роман Широков “Краснодардын” курамында сезондун акырына чейин оюн көрсөтөт. Андан соң 32 жаштагы жарым коргоочунун “Зенит” менен болгон келишими соңуна чыгып, эркин агентке айланат (клубду өзү табууга тийиш). Ал Орусиянын Премьер-лигасынын 25-тур оюндарынын алкагында боло турган “Зенит”-“Краснодар” беттешине катышпайт.

Кошумчалай кетсек, Роман “Зениттин” италиялык башкы машыктыруучусу Лучано Спалетти менен пикир келишпестиктен улам клубдан кетери белгилүү болгон. “Зенит” анын жайында бүтө турган келишимин андан ары узартууга макул эместигин буга чейин бир катар басылмалар жазып келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан