Кечээ, 27-февралда Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев “Сочи-2014” Кышкы Олимпиада оюндарында байгеге илинген орусиялык спортчулар менен жолугуп, Mercedes үлгүсүндөгү автоунаалардын ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, “Сочи-2014” Олимпиадасында муз үстүндө бийлөө боюнча командалык эсепте алтын медаль тагынып, 15 жашта экенине карабай көрсөткөн ийгилиги менен дүйнө элин таң калтырган Юлия Липницкая да сыйлык ээси болду. “Мага автоунаа жакты. Мыйзамга ылайык, аны 18 жаштан кийин гана айдап баштайм. Азырынча унааны Екатеринбургдагы үйгө алып барып токтотуудан башка эч нерсе ойлоно элекмин”,- деген пикирин билдирди Юлия Липницкая.