Хоккей боюнча Азиянын Чакырык кубогунда Кыргызстан курама командасы кечээ, 27-февралда тайпалык баскычта 3-оюнун Макаого каршы өткөрүп, 3:1 эсебинде утуп алды. Бул жеңиш менен кыргызстандык хоккейчилер тайпада 9 упай алып, жарым финалда Индия менен кез келмей болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-февралда орун алган беттештерде Сингапур командасы Индияны 6:2 эсебинде утуп, тайпалык баскычта 6 упай менен 2-орунга көтөрүлдү. 3-орунду Макао 3 упай менен ээлесе, бир дагы упай ала албаган Индия 4-орунда.