Калининградда "мектеп окуучусун зордуктады" деп шектелген кыргызстандыктар окуя кыздын макулдугу менен болгонун айтышты

Калининградда "мектеп окуучусун зордуктады" деп шектелген кыргызстандыктар окуя кыздын макулдугу менен болгонун айтышты. Бул тууралуу 28-февралда КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү деп кармалгандардын аты-жөнү такталган. Алар Талас облусунда 1991-жылы туулган Т.Р. жана 1985-жылкы Ч.Н. (туулган жери такталууда) экени аныкталып, тергөө абагына киргизилген. Кармалгандар кызды тааный турганын жана бул кадамга кыздын макулдугу менен барышканын айтышкан.

Эске салак, Калининград шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан 24-февралда "15 жаштагы окуучуну зордуктады" деген шек менен 29 жана 23 жаштагы кыргызстандыктар кармалган. Шаардагы борбордук түйүндөрдүн биринде таанышып, кыз бирге ичип жүргөн курбуларын издеп жатканын айткан. Жамгырга кийимдери суу болуп калганын көргөндө, балдардын бири үйүнө чакырып, кийимдерин кургатып алууну сунуштаган. Балдар жашаган жерге келип, алкоголдук ичимдиктерди ичишкен. Андан соң жигиттердин бири жыныстык катнашты сунуштайт. Кыз сунушту четке какканда, аны зордуктап салышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири буга чейин уурулук үчүн соттолгону аныкталган. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
bossmos7
2014-02-28 12:49:32
Ичимдик ичип ботон элде мактаныштын кереги жок негизи!
+5
admin_superstan
2014-02-28 12:51:52
bossmos7 - 5 күнгө БАНга!
Коомдук этикага туура келбеген, башкалардын улутун ж.б. кемсинткен пикирлерди калтырууга тыюу салынат!
-7
bishkek.kg
2014-02-28 16:27:11
бироонун жеринде жургондон кийин кысып эле журушсо болмок.....ушулардын кесебетинен баардык кыргызга кыйын болот да барган сайын
+1
LaraKroff
2014-02-28 12:55:03
Улутубуздун аброюна кээде эки-уч адамдын жетишээрлик доо кетирип коюусу окунучтуу.
+6
AIZAD
2014-02-28 13:28:05
Мин макул болгон кундо деле 18ге чыга элек болгондон кийин баары бир соттойт да. Аран журсонор озунор алынарга ченеп иш кылсанар боло!!!:-(
+6
oma0303
2014-02-28 13:30:21
Бир карын майды , бир кумалак чиритет болот экенбиз да ээми. Россияда иштеп жургон кыргыздарды дагы жек коруу башталат экен да.((( окунучтуу.. Кыргыз улутунун намысын ойлонгулачы..
+4
KGZmilich
2014-02-28 14:00:59
тынч эле жургулочу айланайындар,5мунооттук кумарга алданбай
+1
kuba.kq8705
2014-02-28 14:24:23
araktyn kesepeti jakwylyka alyp barbait
+1
infiniti
2014-02-28 17:47:22
Бироонун жеринде,ичип,кыз менен болгонду ким койду. Келгенден кийин жакшы иште. Мекенибизге баргандан кийин,каалашынарча ойнойсунар.
+2
Melis2014
2014-03-01 01:32:50
кыз да деле айып бар 15 жашар кыз башка улуттун балдары м.н жон еле иче бербейт елчилик жакшылап жардам берсе екен еми
0
eblk
2014-03-02 09:55:59
Melis2014,Элчилигин эштеке кыла албайт былчыйта срокту алышат
0
muha.kg.kg
2014-03-01 02:43:13
Ботон жерде жон журушпойбу десен байкуш ата энеси кантип атты экен булардын жашы жете элек орус кызы
болсо эми соттолушат да.
0
admin_superstan
2014-03-03 11:16:37
Sagidko88 - 3 күнгө БАНга!
Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан