Спортчу Дмитрий Трелевскийге 6-8 аптанын ичинде операция жасалат

“Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасына аттанып, машыгуу учурунда жаракат алган Дмитрий Трелевскийге 6-8 аптанын ичине Москвада операция жасалат. Операциядан кийин спорттук калыпка келүү кем дегенде 6 айды талап кылса да, ал чоң спортко кайтып келет. Бул тууралуу спортчу бүгүн, 28-февралда журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, Олимпиаданын трассасы өтө кооптуу болуп эсептелет. Ал Олимпиада оюндарында тоо-лыжа спортунун супергигант түрү боюнча жарышта жакшы жыйынтык көрсөтөрүнө ишенген. “Олимпиадага чейин биз негизги басымды супергигант түрүндөгү жарыштарга жасаганбыз. Сочиде бул жарыштар боюнча 10 машыгуу өткөрдүм. Онунчусунда ката кетирип, жаракат алып калдым” дейт ал.

Ал эми Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, КРнын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов Дмитрий Трелевскийдин жаракат алуусунун бир себеби катары элдин ашыкча басымын белгиледи. “Бир өлкөдөн бир гана спортчу аттанып жаткандыктан, биз Дмитрийге көп басым кылып койдук” дейт ал.  

Эске салсак, спортчу супергигант боюнча жарыштардын алдында жаракат алып, “Сочи-2014” Олимпиадасына катыша албай калган. Анын ордуна 19 жаштагы Евгений Тимофеев барып, оюн көрсөттү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Elya20
2014-02-28 13:21:07
коз тийиптир да анда ,ээ?
0
eblk
2014-02-28 16:36:54
Elya20, Коз кайдан тиймек эле жон эле отмазкасыда.
0
agent007kg
2014-02-28 13:28:06
Ушу онолбодунда "жетим", онолбодун!
0
hakker
2014-03-01 21:35:13
Саралинов да суйлойт десе суйлой бергендерден окшойт.Эл ишенип койсо эле жаракат ала береби.Жаракат ишенсе да ишенбесе да болот эгер боло турган болсо.Бир эмес коп спортчу катышуу учун силер аракет кылуунар керек байкеси.
0
aslan_akjol89
2014-03-01 23:18:14
Анда Орусиядан да бир эле Женя Плющенко эле катышкан болуп калабы?Плющенко да жаракат алды машыгуу учурунда,орустардан коп спортчулары жаракат алышты оюнга чейин эле.Буга биздин чала козу ачык не дээр экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан