“Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында жаракат алган Дмитрий Трелевскийдин ордуна барып, Олимпиадада оюн көрсөткөн Евгений Тимофеев бүгүн Кыргызстанга учуп келди. Журналисттер менен жолугушууда ал Олимпиадага барарын укканда таң калганын билдирди.
“Дмитрий Олимпиадага аттанганда сүйүнүп, ага жан тартып жаткам. Мен андан көп нерсени үйрөнгөм. Тилекке каршы, ал жаракат алып, ордуна мен бармай болуп калдым. Чынын айтканда, Олимпиадага баруу кыялымдын орундалып жатканы мен үчүн чоң жаңылык болду. Өз пландарымдын баарын жыйыштырып, жөнөп кеттим. Башкы максат жыгылбай, жаракат албай марага жетүү болчу. Мен өзүм көрсөткөн жыйынтыкка ыраазымын”,- дейт ал.
Кошумчалай кетсек, Тимофеев тоо-лыжа спортунун слалом-гигант түрү боюнча эки жарыштын жыйынтыгында 109 спортчунун ичинен 61-орунду ээлесе, слалом түрү боюнча 43-орунду ээлеген.