Ошто тоноочулукка шектелип Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Ошто тоноочулукка шектелип Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн Ош ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2013-жылдын 13-январь күнү Алтын жана Нурик аттуу балдар ишкерди коркутуп, 700 000 сом акча жана автоунаасын алуу максатында денесине залал келтиришкен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, зомбулук көрсөткөн адамдарга издөө жарыяланган. 

Көрүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турган Ош шаарынын 38 жаштагы тургуну П.Н. кармалды. Ал Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармалуучу жайына киргизилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Raxim76
2014-02-28 15:27:23
Хулигандарды кармасанар деле Колбаевдин кылмыштуу тобунун мучосу дей бергиле.
0
eblk
2014-02-28 16:48:32
Аа башталды кичине бирдеме болсо эле Колбаев дей беришет эми мурда Рысбектин кылмыштуу тобу дешчи эле эми Колбаевден кийин кимди айтар экенбиз.
0
ALI2012
2014-02-28 19:06:04
тееги Бакиевдин балдары эмес бекен. ха ха
-1
nadyrbek
2014-03-01 03:31:58
ALI201 Нурик жана Алтын деген жарандар кылмыш кылса 38 жаштагы П.Н кармалды дей бул эмне деген шумдук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан