Жалал-Абад облусуна караштуу “Промзона” аймагында жайгашкан 250 миң сомдук цемент сактоочу челектер уурдалып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аймакты текшерүү учурунда “Промзона” жеринде жайгашкан мүлктөр Кадыржан Батыровго таандык экени аныкталды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Жалал-Абад шаарынын тургуну И.Б. жана “Ал-КАБ” ЖКЧнын жетекчиси Т.Р. январь айында цемент сактоо үчүн жасалган 6 даана металл челектерди “Промзонадан” алып чыгып кетишкени белгилүү болду. Аталган темирлердин баасы 250 миңди түзгөн. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.