Екатеринбург шаарында кыргыз диаспорасынын жетекчиси Сочиде өтө турган паралимпиадалык оттун эстафетасына катышты

Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз диаспорасынын жетекчиси Сочиде өтө турган Паралимпиада оюндарынын факел кармап чуркоо эстафетасына катышты. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-февралда эртең менен Екатеринбургдун "1905-жылдагы аянтында" паралимпиадалык отту салтанаттуу жандыруу аземи өттү. Ага “Кыргызстан-Урал” кыргыз диаспорасынын жетекчиси Камчыбек Каримов катышты.

“Бүгүнкү күнү жалпысынан 100 адам паралимпиадалык оттун эстафетасына катышты. Камчыбек Каримов 25-болуп 210 метр чуркады”,- деп маалымдайт “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
men_aman
2014-02-28 18:08:50
Азамат !!!
+1
nurik9090
2014-03-01 15:34:49
азамат.
+1
cholpon.bek
2014-03-04 10:21:47
Азамат!!! Ушул байке жонундо коп жакшы кептерди угам озун да бир иреет коргон элем...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан