Ош. Ооруканага ишке орноштуруу үчүн акча талап кылган медайымга карата кылмыш иши козголду

Ооруканага ишке орноштуруу үчүн акча талап кылган медайымга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 28-февралда Ош ОИИББинин басма сөз кызматы маалымдады. 

Ага ылайык, 2014-жылдын 28-февраль күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Кадамжай районунун жашоочусу арыз менен кайрылган. Ал Ош облустук кургак учукка каршы борборуна ишке кирүү үчүн барса, борбордун улук медайымы 100 доллар жана 6000 миң сом акча талап кылып жаткандыгын билдирген.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесине (кызматкердин пара талап кылуусу) ылайык иш козголгон. Жүргүзүлгөн оперативдүү иш-аракеттердин натыйжасында бүгүн, саат 14:00 чамасында Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун улук медайымы М.О. кармалды. 

Учурда анын баш коргоо чарасы тергөө бөлүмү тарабынан каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
infiniti
2014-02-28 17:41:26
Абака кетсин!
0
ALI2012
2014-02-28 19:04:10
100 доллар экен. КТРКда 1000000сом талап кылган ошону деле карасанар боло. закон баарына бирдей болуш керек.
+7
Gulzhan
2014-02-28 22:53:59
ALI2012, туура айтасын.
0
hakker
2014-03-01 21:01:58
Бизде миллионду жегендер кутулуп,100 доллар жегендер тутулган заман.Эми медсестра айым кыйла акча менен кутулуп чыгасыз го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан