Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукананын бейтаптарынан түзүлгөн “Общак” аталышындагы кылмыштуу уюм табылды

“Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык оорукананын бейтаптарынан түзүлгөн “Общак” аталышындагы кылмыштуу уюм табылды” деп бүгүн, 28-февралда ИИМдин басма сөз кызматы жарыялады.

Оорукананын башкармалыгынын начар иштеп жаткандыгы кылмыштуу уюмдун түзүлүшүнө себеп болгон. Аталган уюмдун мүчөлөрү КРнын аймагында оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышкандыгы аныкталды. ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы “кылмыштуу уюмду уюштуруу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

“ИИМдин Уюшкан кылмышка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Общактын” жетекчиси Салим Мажитов кармалды. Анын Тажикстандын жараны экени жана Бишкекте жашап тургандыгы аныкталды”,- деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, Боом капчыгайында "милиция кызматкерлерин аткылап, бирөөсүн өлтүрдү" деп шектелген Заур Магомедов Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
infiniti
2014-02-28 18:49:42
Мына сага!
0
barsa1984
2014-02-28 18:55:30
Акыл-эси соо туруп оор кылмыш кылган адамды кандайдыр бир себептер менен "акылынан айныган" деген жүйөө менен ооруканага жаткырып коюп жаткандын жыйынтыгы ушул. Тартип болбосо мындан да жаман болот.
+4
Bek-jan
2014-02-28 19:07:17
Маалыматтарга таянсак Салим Мажитов жакында эле ошол ооруканада дарыланып чыккан.
0
eblk
2014-02-28 20:54:31
Bek-jan, акча толоп койуп жата беришет да
0
Beko87
2014-02-28 21:23:50
кайсы бир партянын шайлоо алдында созу:Урматтуу замандаштар биз бийлике келсек кылмышты тизгиндейбиз,ректечилик смотряший дегендерди жок кылабыз.6 айга жеткизбей.))
+1
hakker
2014-03-01 20:35:05
Beko87, Ошол партия ошентип соз берип алып,оздору ощондойлорго айланып кетишти да болбосо азыр аларды ким кой демек эле,бийликте эле турушпайбы...
0
cholpon.bek
2014-03-01 11:34:22
Кандайдыр бир оор кылмыштарга шектуу да анан жазадан качып эптеп бироонун оозун майлап оорукчан кейпин кийе калып больной боло калып кутулууну коздогондор да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан