Бүгүн, 1-мартта Ош шаарында Токтогул Сатылганов атындагы китепканада тогуз коргоол боюнча мелдеш старт алат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан катышуучулар келишет. Алар 9 күн бою күч сынашат. Ким жеңүүчү болгону 9-мартта белгилүү болот. Каалоочулар үчүн эшик ачык.