Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Анда 1966-жылы туулган үй ээси күйүк алып, каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле үй ичиндеги эмеректер, кийим-кечелер дагы күйгөн. Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери тактала элек. Тергөө амалдары жүрүп жатат.