“Караколдо баш аламандык уюштурду” деп шектелип жаткандардын экөөсү 8 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми дагы экөөсү 4 жылга кесилди. Алар күчөтүлгөн режимдеги колонияда жазаларын өтөшөт. Ошондой эле тополоң учурунда кармалган Мерседес-Бенц, Фольксваген Венто унаалары мамлекеттин эсебине өткөрүлдү. Унаанын бири мурдагы депутат Садыр Жапаровдун эжесине катталгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Жогорку Сот билдирди.
Маалыматка караганда, мындай өкүмдү Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Эске сала кетсек, 2013-жылдын 7-октябрында «Кумтөр» боюнча меморандумга каршы акция уюштурулган. Анда митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди бир нече саатка унаада барымтада кармап, андан соң облустук администрацияны курчоого аракеттенишкен. Бул окуяларга тийиштиги бар делинип Жети-Өгүз районунун 18 тургуну кармалып, аларга «барымтадагыларды бошотпоо», «бейбаштык» жана «бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.