Хоккей боюнча Азиянын Чакырык кубогунда Макао чемпион болду. Алар бүгүн, 2-мартта Кыргызстан курама командасы менен финалда бет келишкен. Жыйынтыгында Макао курамы каршылаштарын 5:4 эсебинде утуп алды.
Айта кетсек, алгачкы айлампада кыргыз спортчулары бардык командаларды утуп алган болчу.
Эске сала кетсек, хоккей боюнча Азиянын Чакырык кубогу Бишкек шаардык муз аянтында 24-февралдан 2-мартка чейин болду. Ага Кыргызстан, Индия, Сингапур жана Макаонун курама командалары катышты.