Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина өзбекстандык Альбина Хабибулина менен жуптукта Астанада өткөн эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды. Бул тууралуу кечээ, 2-мартта мелдештин расмий сайты билдирди.
Маалыматка ылайык, Ксения Палкина менен Альбина Хабибулина жуптугуна финалдык беттеште украиналык Вероника Капшай менен казакстандык Камила Керимбаева жуптугу туш келип, оюн 6:4, 7:5 эсептеринде аяктады.