7-8-март күндөрү Бишкектеги Шаардык муз аянтында муз үстүндө бийлөө боюнча Шаар биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, мелдеш 1998-2000-жылдары төрөлгөндүктөрү тастыкталган балдар жана кыздар арасында өтөт. Биринчиликтин салтанаттуу ачылыш аземи 7-мартта саат 13:00гө туураланган.