Акыркы сутка ичинде республика аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги 3-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Аламүдүн районунун Достук айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Анда үй толугу менен күйүп, үй ээсинин баласы колунан күйүк алган. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.