Кечээ, 2-мартта хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогунун финалы орун алып, Кыргызстан акыркы мүнөттөрдө Макао курама командасына уттуруп жиберди.
2-мартта Шаардык муз аянтында орун алган беттеш курч мүнөздө өттү. Алгачкы эки 20 мүнөттүктө 4:4 эсебиндеги тең чыгуу катталды. Ал эми жыйынтыктоочу бөлүктө Макао курама командасы жеңиш голун жаратууга жетишип, 5:4 эсебинде утуп алды.
Ал эми 4 команданын ичинен 3-орунду Сингапур жана Индия курама командалары беттешип, жыйынтыгында Сингапур жеңишке жетишти.
Кошумчалай кетсек, хоккей боюнча Азиянын Чакырык Кубогу Бишкек шаардык муз аянтында 24-февралда старт алган. Алгач Кыргызстан, Индия, Сингапур жана Макао курама командалары тайпадан чыгуу үчүн өз ара оюн өткөрүшкөн. Кыргызстан мелдеш алкагында финалга чейин бардык атаандашын (анын ичинде Маккаону) утуп келген.