Бишкекте дагы бир дарыгер ур-токмокко кабылды

1-март күнү кечинде Бишкектеги №3-балдар ооруканасына жаткан бейтаптын энеси кулак-мурун дарыгерин ур-токмокко алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта SUPER.KG порталына аталган мекеменин башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилова кабарлады.

Анын айтымында, 2 жашар бала оорукананын ЛОР бөлүмүнө 27-февралда жаткырылган. Аны энеси карап жаткан.

"Биринчи күндөн бери аял ар ким менен чырдашып баштаган. Ал 1-мартта саат 21:00 чамасында баланы көзөмөлдөө максатында келген дарыгер айым менен чырдашып кетип, анын рефлекторун жулуп алып бетине чапкан. Андан соң бети менен дубалга эки жолу жана полго сүздүргөн",- дейт Гүлнара Жанабилова.

Мындан тышкары ал аял “менин күйөөм аскер кызматкери, баарыңарды жерге көмүп салат” деп коркуткан.

“Ур-токмокко алынган дарыгер Улуттук госпиталга жаткырылды. Ага “мээнин чайкалышы” деген диагноз коюлду”,- деди Жанабилова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
t1lekbekov
2014-03-03 11:51:11
Балким,ак халатчан да бирдемелерди сүйлөгөндүр да..нерв эжени көрүп туруп ага теңелүүнүн кереги жок,кыскасы тигил эжени каматат деген ойдомун
-1
tynara81
2014-03-03 12:14:14
Кызык го, чаап салганы го мейли, анан дубалды, полду сүздүргөнчө туруп бердиби коргонбой. Ашырып айтып атышабы врачтар деген ой да, кол көтөрбөсө да качып кетпейби, мээси чайкалгыча токмок жебей. Же ушунчалык эле күчтүү аял бекен.
Баласы ооруган энени да түшүнүш керек. Врачтардын милдетине оорулууну жана анын жакындарынын көңүлүн жайгаруу, жумшак сүйлөө да кирсе к
0
zhalyn13
2014-03-03 13:28:32
tynara81,мен да сизге кошулам...ошо врачтан да куноо кеткен да.Болбосо жон эле турган кишини эч ким эч нерсе кылбайт да.Бирок тиги аял урушчаак болсо андайларга даба деле жок.
0
Alai_kyzy
2014-03-03 14:44:33
tynara81, sozunuzgo kowulam. Men oiloim bul birinchi taraptyn bildiruusu. Ekinchi taraptyn da sozun uguw kerek. Owondo bilinet kim kunoluu ekeni.
+9
sterva
2014-03-03 19:45:50
tynara81, ал врачтын боюнда бар экен. Мумкун ошого аоы жетпей койду. ..
0
Айпери Сыдыкова
2014-03-03 12:20:46
Окунучтуу.
0
AIZAD
2014-03-03 12:35:42
Ой дубалды суздурдгону калп! Кошуп атышат! Ооруканага жата калганын.
-1
zhalyn13
2014-03-03 13:40:57
AIZAD,
сиз каяктан билесиз?
0
Dasmond
2014-03-03 12:36:47
ХХХ ХХХ ХХХ го, озун ХХХ алпарып коюшпайбы!
0
admin_superstan
2014-03-03 12:40:58
Dasmond - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат.
0
aitowa11
2014-03-03 12:52:49
Жон эле жерден урбайтта. Врач да бир нерсе деген. Негизи эле ооруп больницага барганда билесин врачтардын кандай мамиле жасаганын. Кагып кагып жакшы мамиле жасашпайт.
+1
Alai_kyzy
2014-03-03 15:02:11
aitowa11, ooba. Mildettenip suilowot goo. Jardam bergenin aitpai ele koieyun. Dogdurlarga, miliysalarga kunubuz tuwposun.
+2
Aimeerimka
2014-03-03 12:53:37
Ой менин комментарийлерим кайда?
0
admin_superstan
2014-03-03 12:59:30
Aimeerimka,
Саламатсызбы! Сиз кайсыл жакка кандай комментарий калтырдыңыз эле?
0
KGZmilich
2014-03-03 13:42:20
Полго суздурду дегенге ишене албай койдум,потолоко суздурду дегендей сезилет экен,жок дегенде,полго бетим менен кулап тийдим десе болмок,апендинин апыртмасын бул жомокто эле болот,деп журуптурмун,
+1
turnikmen
2014-03-03 15:25:54
Акырында "коркомдоп берилди"- деген созду айтпай калыптыр врач.
0
arno2008
2014-03-03 15:44:40
Ekinchi tarapty da ugush kerek. Buzde zakon ishtebese anan ar kim oz aldyncha zhazalaitta. Dogdurga bargandan koro uido tynch zatyp oz azhalyndan olgon zhakshy,kudai bizge den sooluk bersin.
0
kinaza
2014-03-03 16:28:46
Ооба кээде врачтар ушундай мамиле жасашат полго эле эмес патолокко да суздургун келет. Бирок карабай койсо олуп каламбы деп коркуп унчукпайсын. Тигил эже да баласы ооруп жаман абалда туруп которо албай кеткен го. Эмнеси болсо да чындыкты такташ керек жана куноолууго жаза бериш к-к.
0
infiniti
2014-03-03 17:49:44
Айрым врачтарга сабак. Ант барген кунунор эсинерден чыгып кеткен го?
0
sher.
2014-03-03 19:38:21
Бул дарыгерлердин озунун ишине кайдыгерлигинин, шалаакылыгынын натыйжасы деп ойлойм. Как будто озунун жанынан дары дармек алып берип карап жаткандай мамиле жасашат. Жон эле кол которду дегенге ишенбейм, эненин жаны ачышкан го сыягы. "Пулун болсо кулунмун" деген заман, дарыгерлердин кадыр баркы деле калбай баратат окшойт...
0
kaniet
2014-03-03 20:02:27
Урматтуу врачтар, уялсанар боло, Гиппократтын анты эмне болду, акча учун сатылып буттунор, бирок баары эмес, бирок копчулук!!!!
0
92nuraaly
2014-03-04 01:32:41
Байлыгына чиренгенго. Анын куйосу аскер кызматкери болсо эмне болуптур. Ар кимдин озунун тандаган кесиби бар. Карабай чыгарып жиберсе кайда барат экен ошол айым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан