Украина футбол боюнча 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугун Орусияда өткөрбөө сунушу менен Евросоюзга кайрылды

Украина дипломатиялык каналдар аркылуу Евросоюзга кайрылып, 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугун Орусия өз үйүндө өткөрүү укугунан ажыратылуусун сунуштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Украина Евросоюзга кайрылып, Орусиянын Крымда жасаган саясатына байланыштуу тиешелүү чараларды көрүүсүн суранды. Андан тышкары футбол боюнча 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугун Орусия өз үйүндө өткөрүү укугунан ажыратылышы керек деген сунуш болду.

Кошумчалай кетсек, Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин эл аралык келишимдерди бузуп, 1-мартта Федерация Кеңеши Украинанын аймагына куралдуу күчтөрдү киргизүү чечимин кабыл алган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
doni89
2014-03-03 12:26:19
Эми ошо футбол чемпиондугун аркасынан талашып тартышып чыр чатак чыгарбасалар болгону.....
0
algajawoo
2014-03-03 21:41:33
Эгер ошондой болсо хахолдорду бир кундо кууп чыгат го не только правительство фанаты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан