Бишкек шаарында "Миң түркүн" соода түйүнүнүн 118 миң сомго бааланган эшигин сындырган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрь күнү Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. Свердлов райондук укук коргоо кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 40-45 жаштардагы азиат улутундагы белгисиз жаран 14:30дарда ээн баштык кылып 118 миң сомго бааланган айнек эшикти сындырып салгандыгы тууралуу жазылат. Көрүлгөн чаралардан кийин аталган кылмышка шектүү делип 1971-жылы туулган О.Жыргалбек кармалып, камакка алынды. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.