Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде эмгектенип
жаткан жана эс алуудагы 100дөн ашуун ардагер мугалимдерге сый көрсөтүлүп,
акчалай жардам берилди. Иш-чара окуу жайдын профсоюзу тарабынан уюштурулуп, анда жаштарга улууну урматтоо каадасын сиңирүүнү максат кылышкан. Ошондой эле, университеттин өнүгүшүнө, адистик тарбиялоосуна чоң салым кошкон ардагерлерге жагымдуу жолугушуу өткөрүү, аларга колдоо көрсөтүү ниетинде пландалганын ОшМУнун маалымат кызматынан Керим Калыкулов билдирди.