Аксыда коркутуп акча талап кылуу фактысына шектелип кылмыштуу топ кармалды

2014-жылдын 26-февралынан 27-февралына  караган түнү саат 02:30 чамасында Аксынын Тегене айылына караштуу Алча аймагынын тургуну Калыбеков Саматбектин үйүнө бет кап кийген азиат улутундагы белгисиз 4 адам кирип, үй-бүлө мүчөлөрүн жыгач таяктар менен уруп-сабап, ооздорун скотч менен чаптап, акча талап  кылышкан. Алар үйдүн чоң бөлмөсүндө жыйылып турган жууркан-төшөктөрдүн арасына катылган 26 000 сомду, баасы 15 000 сомдук алтын чынжырчаны (цепочка) жана столдо турган 2 даана баасы 3000 сомдук  «Нокиа» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун алып, окуя болгон жерден из жашырышкан. Натыйжада денесинен ар кандай жаракат алган жабырлануучулар С.Калыбеков менен анын келинчеги А.Турсунбекова Аксы РИИБине арыз менен кайрылышкан. Аталган окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүмү (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 

Учурда бул кылмышка шектелип К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү С.Анаркулов жана анын шериктери кармалып, Аксы РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери  жүргүзүлүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
eblk
2014-03-04 01:18:39
Дагы эле Колбаевдин уйушкан тобу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан