2-мартта Казакстандын Алматы-Ташкент унаа жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен Кыргызстандын 9 жараны каза тапты. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлиги маалымдайт.
Жол кырсыгы саат 21:40 чамасында болгону айтылууда. VanHool үлгүсүндөгү автобуста 2 айдоочу жана 53 жүргүнчү болгон. Ал эми Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобуста канча адам болгону тактала элек. Анын айдоочусу Садыков К. экени аныкталды.
“Жол кырсыгынын кесепетинен Мерседес унаасынын айдоочусу жана 8 жүргүнчү каза болду. Алардын бардыгы Кыргызстандын жарандары экени аныкталды. Учурда алардын аты-жөнү такталып жатат”,- деп кабарлайт аталган министрлик.
Мындан тышкары 11 адам ооруканага жеткирилди. Алар:
1) Пирматова Д., 1988-жылы туулган (Өзбекстандын жараны);
2) Курманалиева Э., 1975-жылы туулган (Кыргызстандын жараны);
3) Айтжигитов К., 1949-жылы туулган (жарандыгы белгисиз);
4) Аширов С., 1964-жылы туулган (жарандыгы белгисиз);
5) Нурматова Г., 1967-жылы туулган (жарандыгы белгисиз);
Калган 6 адамдын аты-жөнү аныктала элек.
Кыргызстандын эки жараны Апыш К. (1958-ж.т.) жана Казаманов М. (1970-ж.т.) медициналык жардам алып, ооруканага баруудан баш тартышты.