Казакстанда жол кырсыгынан жабыркаган кыргызстандык жарандарга КРнын Өкмөтү акчалай жардам берет. Муну бүгүн, 3-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Каза тапкандардын сөөгүн өлкөгө алып келүү милдети Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлдү.
Эскерте кетсек, 2-мартта Казакстандын Алматы-Ташкент унаа жолунда эки автобус кагышып, 9 кыргызстандык атуул каза таап, айрымдары жаракат алышкан.