Бүгүн, 3-мартта Балыкчыда атышуу болду. Анда 3 адам жеңил жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 5 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.
Айрым маалыматтар боюнча, бул атышуу эки кылмыштуу топтун ортосунда болгон. Анда “Данакер” фракциясынан шайланган шаардык кеңештин депутаты Алтынбек Коёналиев менен анын досу октон жеңил жараат алган.