Жамбыл облусундагы Алматы–Ташкент
унаа жолунда автобус менен кичи автобус кагылышып, анда Кыргызстандын 7 жараны набыт
болду. Бул тууралуу «Замандаш» ассоциациясынын басма сөз кызматы Алматыдагы
өкүлү
Туратбек Аманбаевге шилтеме берүү менен кабарлады.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жол кырсыгы 2-март күнү саат 21:40 чамасында катталган. Жүргүнчүлөрдү ташыган VanHool үлгүсүндөгү автобуста 2
айдоочу жана 53 жүргүнчү болгон. Ал Мерседес кичи автобусу менен кагылышып кеткен.
«Кырсыктын кесепетинен кичи автобустун айдоочусу жана 8 жүргүнчү окуя болгон
жерден жан беришкен. Алардын жетөөсү Кыргызстандын жарандары. Мындан сырткары
эки сөөктүн өздүгү тактала элек. 11 жүргүнчү түрдүү жаракат менен ооруканага
жеткирилген. Алардын ичинен төртөө - кыргызстандыктар. Жеңил жаракат алган 3
жаран Бишкекке жөнөтүлдү. Бир адам Кордайдын бейтапканасында дарыланууда. Бир адамдын
сөөгүн мекенине алып кетишти”,- деп билдирди Аманбаев.