Кыргызстандык балбан Базар Базаргуруев кечээ, 3-мартта жыйынтыкталган эркин күрөш боюнча “Mongolia Open-2014” Эл аралык мелдешинде күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Улан-Батордо орун алган мелдешке АКШ, Болгария, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Нигерия, Орусия, Тажикстан, Түндүк Корея, Украина жана Япония сыяктуу мамлекеттерден 200дөн ашуун балбан катышкан.
65 килограмм салмакта күрөшкө түшкөн Базар Базаргуруев финалдык беттеште монголиялык балбанга утулууга мажбур болгон.