22-23-март күндөрү Бишкекте фехтование боюнча Шаар биринчилиги өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке 14 жаштан жогорку улан-кыздар катышат. Андан тышкары чет өлкөдөн да спортчулардын катышары күтүлүүдө.