Балыкчы шаарында ок атышуу учурунда 6 адам жабыр тартты, алардын бири оор абалда

Кечээ, 3-мартта Балыкчыдагы ок атышуу учурунда 7 адам жабыр тарткан. Алардын бешөө октон, экөө бычактан жаракат алган. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-март күнү ок атышуунун катышуучуларынын бири Т.Азамат агасын таксист катары жумушка орноштурууну көздөп Т. уулу Адилетке кайрылган. Ал бригадага киргизүү үчүн 20 миң сом сураган. 3-мартта орун алган эки тараптуу жолугушуу учурунда алардын ортосунда кайым айтышуу чыгып, ал ок атышууга чейин жеткен. Жыйынтыгында ок атышуу учурунда Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты А.Коёналиев жаракат алган. 

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 3 адам кармалып, алардан «Бакал» үлгүсүндөгү травматикалык тапанча, Иж 16 үлгүсүндөгү сайсыз мылтык алынган.

Учурда бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү) жана 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.

 

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jojoshka03
2014-03-04 11:11:33
адамдар эмне болуп баратышат
+1
nurali20
2014-03-04 12:46:41
Кайда барба мамайдын кору.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан