Адвокат: "Башкы прокуратура Ахматбек Келдибековго карата жаңы айыптарды тагуу алдында турат"

Башкы прокуратура Ахматбек Келдибековго карата жаңы айыптарды тагуу алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 4-марттагы маалымат жыйынында депутаттын адвокаты Татьяна Чильникина билдирди. Анын айтымында, 3-март күнү Башкы прокуратуранын тергөөчүсү депутатка жаңы айыптарды айтуу боюнча жолугушкан. “Жаңы 3 эпизод боюнча айыптар айтылууда. Тергөөчү айыптарды 6га жеткиргени жатат” деди ал.

Ага Башкы прокуратура тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 
Депутаттын кармалышына төмөнкү иштер себеп болгон: 
2005-жылы Социалдык фонддун 21 миллион сомдон ашуун акчасын максатсыз чыгымдаган; 
2003-2004-жылдарда “Ротак-Бишкек” жоопкерчилиги чектелген коомуна жарандардын жекече камсыздандыруу эсебин бастырып чыгаруу үчүн каражат бөлүп берген; 
ЖКнын төрагасы болуп турган кезде парламенттин эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрдүн иштерин тескөө боюнча атайын өкүл кызматын мыйзамсыз уюштуруп, аны кармоого мамлекеттик казынадан 10 миллион сом чыгымдаган;

"Салык органдарын ыктыярдуу патент боюнча салык төлөөчүлөрдөн салык чогултууну “Бизнес-Партнёр” жоопкерчилиги чектелген уюмуна мыйзамсыз берүү аркылуу кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айыптар тагылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
womanstar
2014-03-04 18:29:36
Жыйынтык чыкпагандан кийин калп эле айып тага бергендин эмне кереги бар.Алган тагылган уч айыбынарды иликтегилечи прокуратура.
+2
primus
2014-03-04 18:53:23
Душман кеткенден кийин кылычынды ХХХ чап деген соз бар.болбогон айыптарды кое бербегилечи.эмне учун ошол кезде кармабадынар.бироонун башындагы чопту карабай,озунордун башынардагы тоону карасанар.коррупцияны озунордон,азыркы бийликтен карагыла.андай-мындай деп реклама боло бербей.
+2
admin_superstan
2014-03-05 10:23:34
primus - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз.
0
algajawoo
2014-03-04 22:14:01
Коррупция менен курош кучтуу кеттат го бирок бир жактуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан