Мамлекеттик салык кызматынын кезектеги рейди учурунда Бишкекте жасалма ичимдиктерди чыгарган ишкана табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, табылган ишканадан жасалма акциздик марка чапталган "Русский край" аталышындагы 280 бөтөлкө ичимдик жана 50 литр спирт чыккан. Териштирүү учурунда ишкананын буюртмага жараша күнүнө 1000 бөтөлкөдөн ашык спирт ичимдигин иштеп чыгары маалым болгон.
Учурда топтолгон материалдар Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.